Чынында эле өкчөгөнү айкүр турган жолдуу жигит болчу. Каарын салып капа болгону деле өзүнө жарашып турчу. Миң түркүн парваналар аны чарк айланышчу. Далайына караңгыда көз тапкан чырак болуп жанып турчу. Эми «ОПГдан кетемин!..» деген чечими чак түштө түшкөн чагылгандай көпчүлүктүн үрөйүн учуруп, айрымдары башына үйүлгөн мүшкүлүнө бушайман. Эгерде ал ОПГдан кетсе анда иш чатагына айланарын баары түшүнүп турушат.
– Биз макул эмеспиз!.. – деди төрдө аны жандай отурган бириси.
– Мен Алланын ыраазычылыгы үчүн ушул жолго баратам… Баары бир эртеби-кечпи ОПГдан кетчү күн келет да…
– Эми колубузга бийлик тийип, үзүрүн көрөрдө кетип каласызбы!.. Канча жылдар чет өлкөдө качып жүрдүк… Биз сизге ишенип топко кошулганбыз… Бул чечимиңиз туура эмес!.. – деген жаш жигит столду муштуму менен бир койду.
– Сен кимден коркуп жатасың?.. Азыркы бийликти чабышып жүрүп өзүбүз алып келдик го!.. – деген аксакалга сырдуу тигиле:
– Мен Кудайдан гана корком, байке… Менин ОПГдан кетишим бийликке болгон чоң жардамым болот деп чечтим… – деди.
– Түшүнсөм Кудай урсун, не күнөөң үчүн ОПГдан кетип жатасың?.. Же адам өлтүрдүңбү?.. – деп туталана сүйлөгөн чачын ак бубак аралаган киши ордунан туруп ары-бери баса баштады.
– Элге калп айтуу адам өлтүргөндөн да жаман, байке… Отуз жылдан бери убада берип эле келатабыз, бирин аткардыкпы?.. – деп суроолуу кадалды.
– Сен өзүңдүн ким экениңди билбейсиңби?.. Сен деген генийсиң!.. Бюджеттин акчасын кантип жеш керектиги боюнча сенин алдыңа эч ким түшө албайт!.. Ушуну билесиңби?.. Өзүбүздүн тил менен айтканда мыйзамды каалагандай калчаган уурусуң!.. Сага кошуна өлкөлөрдөн иши түшүп келип жатпайбы!.. Жок!.. Сен ОПГдан кетпейсиң!.. Анда биздин көргөн күнүбүз не болот?.. – деген чачын бубак аралаган киши маселени кабыргасынан койду.
– Силер дагы ОПГдан чыккыла!.. – деди баарын кыдырата тиктеп.
– ОПГдан кетсең мал-мүлкүңдөн ажырайсың!.. Бул бир… Экинчиден, сени оңой эле камап коюшат… Мыйзамды каалагандай калчаган ууру катары сага статьяны эбак эле даярдап коюшкан… Андан көрө бул чечимиңен кайт!.. – деп салабаттуу сүйлөгөн киши сөзүн улап: – Топту түзгөндө «аягына чейин турабыз» деген убадаңды унутпа!.. Жигиттик сөзүңө тур, иним!.. – деди ишенимдүү.
– Байке, канчага чейин элди алдайбыз!.. Биздин топту түзгөндө өзүңүз башында турдуңуз… Отунбаеваны кошпогондо төрт бийликти алмаштырдык… Ойлоп көрсөм, Кыргызстанда биз жей турган нерсе калбады… Колдон келишинче саттык го… Кудайдан корко турган кез келди, байке!.. Силер дагы ОПГдан чыккыла!.. – деп ордунан туруп кетүүгө камынды.
Бөлмөдө ызы-чуу башталып, «Ит экенсиң!.. Акмак экенсиң!..» деген сөздөр жаңырып жатты.
Өлкөдөгү бардык телеканалдар аркылуу «Үпүп Каргабаевич заявил, что вышел из организованной партийной группы (ОПГ)»… «Үпүп Каргабаевич уюшкан партиялык топтон чыкканын билдирди” деген маалыматтар желдей тарады.
Бул кабар заматта коомчулуктун бүйүрүн кызытып, эми анын ордун ким басат экен? деген божомолдор күндүн негизги темасына айланды.
Ак үйдө деле, жер үйдө деле ушул сөз. Тойдо деле, ойдо деле «ордун ким басат экен?» деген талаш күчөдү.
Шекербек Калыков, Бишкек 08.10.2023