Ооганстандын Тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Кабулда пакистандык кесиптеши Мохаммад Исхак Дар менен жолугушууда Пакистандан он миңдеген ооган качкындарын мажбурлап кайтаруу жараянына “тынчсыздануусун жана өкүнүчүн” билдирип, алардын укуктарын урматтоого чакырды.
Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылганын Reuters агенттиги жазды.
Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар коопсуздук жана соода маселелерин талкуулоо үчүн Кабулга бир күндүк сапар менен барган. Бул сапар Пакистандын жогорку даражалуу расмий өкүлүнүн 2022-жылдан бери Ооганстанга жасаган биринчи сапары болду.
“Ал (Амир Хан Муттаки – ред.) Пакистан бийлигин Пакистанда жашаган же ал өлкөгө кирген оогандардын укуктарынын бузулушуна жол бербөөгө чакырды”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу сооданы кеңейтүү жана Пакистандан кайтып келген оогандардын активдерин өткөрүп берүүгө көмөктөшүү маселелерин талкуулашты.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүүсүндө өлкөнүн тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар аймактык сооданын жана байланыштын потенциалын толук пайдалануу үчүн бардык маанилүү маселелерди, өзгөчө коопсуздук жана чек араны башкаруу маселелерин чечүүнүн эң маанилүү экенин баса белгиледи деп жарыялады.
Пакистан 2023-жылы башталган репатриация пландарынын жаңы толкунунун алкагында марттын аягынан бери 80,000ден ашуун оогандыктарды Пакистандан депортациялаган. Маалыматты Пакистандын Ички иштер министрлигинин кеңешчиси Талал Чаудхри тастыктаган.
Ошол эле учурда Save the Children эл аралык кайрымдуулук уюмунун 19-апрелде жарыяланган отчетуна ылайык, Пакистан апрелдин башынан бери 84 миң ооган качкынын күч менен депортациялаган, алардын 50 миңдейи балдар.
Анткен менен 19-апрелдеги жолугушуу эки коңшу өлкөнүн мамилесинин жакшырышынын белгиси болушу мүмкүн. Соңку айларда чек арадагы кагылышуулардан улам мамилелер чыңалган. Исламабад Пакистанда кол салууларды уюштурган исламчыл согушкерлердин Ооганстанда баш калкалоочу жерлери бар экенин билдирсе, Кабул бул айыптоолорду четке кагууда.
Февралда эки өлкөнүн ортосундагы негизги чек ара бекеттеринин бири кагылышуулардан кийин дээрлик бир айга жабылган.




















