Ооганстан менен Пакистан ок атышпоону узартууну жана жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүн улантууну макулдашты. Алардын кийинки жолугушуусу 6-ноябрда Стамбул шаарында өтөт деп Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
“Ооганстан, Пакистан, Түркия жана Катар 2025-жылдын 18-19-октябрында Доха шаарында Түркия менен Катардын ортомчулугу менен Ооганстан менен Пакистан макулдашкан ок атышпоо келишимин бекемдөө максатында 25-30-октябрга чейин Стамбулда жолугушту. Бардык тараптар ок атышпоону сактоого макул болушту”, — деп айтылат документте.
Мындан тышкары, өлкөлөр тынчтыкты сактоо жана бузгандарга санкция киргизүү үчүн көзөмөл жана текшерүү механизмин түзүү боюнча макулдашышты. Түркия менен Катар бул сүйлөшүү жараянынын ортомчулары катары Пакистан менен Ооганстанга тынчтык орнотууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
26-октябрда Пакистандын коргоо министри Хаваджа Мухаммад Асиф, эгер тараптар тынчтык келишимине келе алышпаса, Ооганстан менен Пакистан “ачык согушка” кириши мүмкүн экенин билдирген. Асифтин айтымында, ок атышпоонун башталганынан бери өткөн төрт-беш күндүн ичинде эч кандай жаңжал катталган жок жана эки тарап тең келишимдин шарттарын сактап жатышат.
Ооган-пакистан чек арасындагы кырдаал октябрдын ортосунда курчуп кеткен. Исламабаддын Ооганстан аймагына абадан жасаган соккусунан кийин эки өлкө убактылуу ок атышпоого макул болушкан. Андан соң “Талибан” кыймылынын жана Пакистандын өкүлдөрү Катарда сүйлөшүүлөр өткөрүшкөн. Дохада алар дароо ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен.


















