АКШ түндүк-чыгыш Сириядан аскерлерин чыгара баштады жана жакын арада бул аймактагы сегиз операциялык базанын үчөөсүн жабат.
Бул тууралуу New York Times (NYT) басылмасы эки жогорку даражалуу америкалык аткаминерге шилтеме берүү менен кабарлады.
Жабылуучу базалардын катарында Mission Support Site Green Village жана M.S.S. Euphrates аталган объекттер бар. Аталган базалардын жабылышы менен Сириядагы америкалык аскер контингентинин саны 2000ден 1400гө чейин кыскармакчы.
Мындан тышкары, эки ай ичинде америкалык командачылык өлкөдөн дагы көбүрөөк аскерлерди чыгарып кетиши мүмкүн. NYT маалыматына ылайык, Сирияда 500гө чейин гана аскер калуусу мүмкүн.
Ошол эле учурда АКШ президенти Дональд Трамп Сирияда кандайдыр бир аскер контингентин калтыруу маселесине чоң скептицизм менен карап жатканын басылма белгилейт.
















