Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израил аймагындагы аба мейкиндигинде үстөмдүк кылуусу өлкөнүн коопсуздугунун негизги таянычы экенин белгилеп, Жакынкы Чыгыштагы эч бир мамлекетке америкалык F-35 согуштук учактарын сатууга жол берилбей турганын билдирди.
Fars News агенттиги маалымдагандай, Нетаньяху бул тууралуу “Хацерим” аскердик аба базасында Израилдин Аба күчтөрүнүн жаңы учкучтарын бүтүрүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Анын айтымында, Израилдин абадагы артыкчылыгы учкучтардын чеберчилиги, штурмандар жана дүйнөдөгү эң мыкты аскердик учактардын аркасында камсыздалып келет.
Израилдин премьер-министри F-35ти сатып алууну көздөп жаткан Түркия, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөрг ишарат кылып, Израиль аймакта F-35 учактарынын колдонулушуна жол бербей турганын, анткени бул региондогу күчтөрдүн тең салмактуулугун бузушу мүмкүн экенин билдирди.
Нетаньяхунун билдирүүсү Израилдин көптөн бери карманып келген “сапаттык аскердик үстөмдүк” доктринасына негизделет. Ад доктрина Америка өкмөтү ар дайым Жакынкы Чыгышта израилдик режим аймактагы башка өлкөлөргө карата абада үстөмдүгүн сактап кала тургандай түрдө курал-жарактар тең салмактуулугун сактоого аракет кылган милдеттенме.
Израил бул артыкчылыкты сактоо үчүн буга чейинки тажрыйбаларды эске алууда. Мисалы, Бириккен Араб Эмираттары 2021-жылдын аягында Израил менен мамилени жөнгө салганына карабастан, израилдик лоббилердин басымы астында АКШдан F-35 сатып алуу уруксатын ала алган эмес жана келишим иш жүзүндө токтотулган.
Акыркы маалыматтарга караганда, Сауд Арабиясы Израил менен мамилени нормалдаштыруунун негизги шарттарынын бири катары F-35 учактарына ээ болууну коюуда. Түркия да бул долбоорго кайра кошулууга аракет кылып жатат.

















