Израилди музыкалык «Евровидение» сынагынан чыгаруу — чоң жаңжал болмок. Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц ARD телеканалына берген маегинде билдирди.
«Мен бул маселени талкуулоонун өзүн эле жаңжал деп эсептейм. Израиль — Евровидениенин бир бөлүгү», — деди ал.
Саясатчынын айтымында, эгер Израилди сынакка катыштырбаса, Германия тиешелүү чараларды көрүшү керек болот. Анын сөзүнө караганда, мындай кырдаалда ал Германиянын «Евровидениеден» өз ыктыяры менен баш тартуусун «колдомок».
Буга чейин «Евровидениенин» уюштуруучулары ноябрь айында онлайн добуш берүү өткөрүлөрүн ырасташкан. Анын жыйынтыгында Израил сынактан чыгарылышы мүмкүн. Бул кадам Испания, Нидерланддар, Ирландия, Исландия жана Словениянын бир нече телекомпаниялары сынакты бойкоттоо коркунучун билдиргенден кийин жасалган.



















