МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Ирандагы “өзгөчө кырдаалга” байланыштуу 23-июнда өзгөчө жыйын чакырып жатканын жарыялады.
«Ирандагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу, мен МАГАТЭнин Башкаруучу кеңешинин шашылыш жыйынын эртеңки күнгө — 23-июнга чакырып жатам», — деп жазды Гросси X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында.
22-июнга караган түнү АКШ Ирандагы үч ядролук объектке — Фордо, Натанз жана Исфаханга — аба соккуларын жасаган.
МАГАТЭнин билдирүүсүнө ылайык, чабуулдардан кийин ядролук объекттердин сырткы аймактарында радиация деңгээлинин жогорулаганы байкалган жок.


















