Венесуэланын президенти бейшемби күнү таңга маал АКШга эскертүү берип, өлкөнүн бардык жарандары курал алып, ар кандай баскынчылыкка каршылык көрсөтөрүн айтты.
Венесуэла президенти Николас Мадуро бейшемби күнү таңга маал АКШга эскертүү берип, венесуэлалыктардын бардык мүмкүн болуучу агрессияларга каршы күрөшөөрүн билдирди.
Мадуро АКШ Венесуэла жээктерине жакын жерде мунай танкерин кармап кеткенден кийин мындай деди:
«Азыр күмөн саноонун же коркоктуктун убактысы эмес. Бул – кайраттуулук, күрөш жана бул өлкөнү куруу мезгили».
«Аль-Маядин» телеканалы анын эл алдында сүйлөгөн сөзүнөн мындай деп келтирди:
«Венесуэланын айылдарында иштеген ошол эле эмгекчил колдор бул жерди ар кандай баскынчы колонизатордон коргоо үчүн мылтык жана ракета көтөрүшөт».
Венесуэла президенти андан ары мындай деп түшүндүрдү:
«АКШ өкмөтүнүн Венесуэлага жана Кариб аймагына карата аскердик агрессиясын четке каккан күчтүү коомдук пикир кыймылы пайда болду».
Ал сөзүнүн аягында мындай деп кошумчалады:
«Биз АКШнын өлкөбүзгө жана Латын Америкасына кийлигишүүсү токтотулушун талап кылабыз. Режимди алмаштыруу, төңкөрүш же башка түрдөгү басып кирүү — жетишет».
















