• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
384 Категория: Экономика - Published: 24/09 - 10:53

БИШКЕК, 24-сентябрь. — Eurasia Today. Алтындын баасы эки жылдан ашуун убакыттан бери эң төмөнкү деңгээлге түштү.

Бул тууралу чет элдик басылмалар жазышты.

Нью-Йорктун соода биржасында алтындын декабрь айындагы фьючерстери дээрлик 2% арзандап, унциясы 1648,6 долларды түздү.

Ал эми октябрь айындагы алтындын фьючерстери 2,5% арзандап, 1638,8 доллардан сатылды. Алтындын баасы мындай деңгээлде акыркы жолу 2020-жылдын апрель айында түшкөн.

Bloomberg кабарлагандай, бир катар борбордук банктар өлкөлөрдө инфляцияны ооздуктоо үчүн пайыздык чендерди жогорулаткандыктан алтындын баасы экинчи жума катары менен төмөндөп жатат.

Маалыматка караганда, АКШнын Федералдык резерв системасы, ошондой эле Швейцариянын, Норвегиянын жана Улуу Британиянын Борбордук банктары баанын көтөрүлүшүн ооздуктоо үчүн пайыздык чендерди жогорулатууну жарыялашкан.

Алтын рыногундагы терс динамика кээ бир ири борбордук банктар тарабынан акча-кредит саясатынын катаалдашуусунан улам уланып жаткан болушу мүмкүн. Бирок Чыгыш Европадагы рецессия жана ар кандай чыр-чатактын курчушунан кооптонуу баалуу металлга болгон бааларды колдоого алып келиши ыктымал.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.45
0.00
EUR
88.96
0.00
KZT
0.18
0.00
RUB
1.37
0.00
TJS
8.27
+0.02
TMT
24.13
+0.01
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-13°C Москва
-24°C Астана
-4°C Бишкек
-6°C Алматы
+1°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
-3°C Ташкент

Соцсети