• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
589 Категория: Экономика - Published: 15/09 - 17:57

БИШКЕК, 15-сентябрь. — Eurasia Today. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жаңыдан салынган көп кабаттуу  үйлөр жыл өткөн сайын улам көбөйүп  баратат.

Тилекке каршы, бул батирлерге жылуулук дээрлик берилбейт. Бул туурасында Оштогу жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бекмырза Эргешов билдирди.

- Айрым курулуш компаниялары үйлөр салынып бүткөндөн кийин гана бизге аргасыздан кайрылышат. Албетте, булардын өтүнүчүн аткаруу дегеле мүмкүн эмес! ,- дейт  Оштогу жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бекмырза Эргешов.

- Анткени, биздеги отказандарыбыздын буга кубаттууулугу дээрлик жетишпейт. Жаңы турак жайлар 12-14 кабаттан курулуп жатпайбы. Алар үчүн өзүнчө жер ажыратылып, ал жерге дагы өзүнчө отказан орнотулушу кажет!

Оштогу жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасы кыш бою Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы 306 көп кабаттуу үйдү, 270 жер тамды,  98 мекеме-ишкананы жылуулук менен толук кандуу камсыздайт.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.45
0.00
EUR
88.96
0.00
KZT
0.18
0.00
RUB
1.37
0.00
TJS
8.27
+0.02
TMT
24.13
+0.01
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-13°C Москва
-24°C Астана
-4°C Бишкек
-6°C Алматы
+1°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
-3°C Ташкент

Соцсети