• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
391 Категория: Экономика - Published: 18/08 - 16:17

БИШКЕК, 18-август. — Eurasia Today. Баткен облусунда «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоорунун алкагында 93 ишкерге 66 миллион сомдук жеңилдетилген насыя таратылды.

Бул туурасында Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган долбоордун башкы максаты — Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу мамлекеттик туруктуу колдоо көрсөтүү.

Бул долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде коммерциялык банктардын акча каражаттары айыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган ишкерчиликке берилет. Мындан тышкары импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор менен жашылча кампалары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды, же иштин жаңы багыттарын уюштуруу), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрү үчүн жеңилдетилген пайыздык ставкада каражат берүү болуп саналат.

Мунун ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык,  Улуттук банктын талаптарына ылайык Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъектилерине гана берилет.

Жогоруда баса белгиленгендей, быйылкы жылдын 11-августуна карата бул долбоордун алкагында республиканын 93 ишкердик субъекттерине 66 миллион сом суммасында каржылоо насыялары берилди. Жалпысынан бул долбоордун алкагында кредиттик каражаттарды алуу шарттары жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн потенциалдуу зайымчылар Баткен облусунда жайгашкан «Айыл Банк», «РСК Банк» жана «Керемет Банк» ААК коммерциялык банктардын филиалдык тармактарына жана Өкүлчүлүктөрүнө кайрыла алышат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
81.57
0.00
EUR
79.55
0.00
KZT
0.17
0.00
RUB
1.36
0.00
TJS
7.92
0.00
TMT
23.16
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+10°C Москва
+14°C Астана
+16°C Бишкек
+13°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети