БИШКЕК, 9-август. — Eurasia Today. Ош облусунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштеринин дээрлик 72 пайызы аяктап калды.
Бул туурасында Ош облусунда айыл чарба тармагындагы маселерди талкуулаган жыйында президенттин Ош облусундагы Өкүлү Зиядин Жамалинов билдирди.
Аталган жыйында кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо жумуштары, буга улай аймактардагы мал базарларды ирээтке келтирүү иштери боюнча маалыматтар берилди. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалинов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчыларына түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча, ал эми акимдердин биринчи орун басарларына буга дейре берилген мал базарларды ирээтке келтирүү тапшырмасын 30-августка чейин сөзсүз аткаруу керектигин эскертти.
— Ош облусунда кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо иштеринин 72 пайызы аяктап калды. Бизден атайын комиссия уюшулуп, үрөн чарбалардын көрсөткүчүн анализдеп көрөбүз. Ошонун жыйынтыгында ишин начар жагынан көрсөткөн үрөн чарбалардын жетекчилеринин кызмат ордун кароо боюнча сунуш беребиз. Ошондой эле 30-августка чейин облус аймагындагы мал базарларды ирээтке келтирүү тапшырмасы берилген. Берилген тапшырманы өз мөөнөтүндө аткарбаган мал базарлар жабылат, — деп агынан жарылды Зиядин Жамалдинов.
Мындан тышкары Ош облус башчысы Зиядин Жамалдинов органикалык жер семирткичтерге сөзсүз өтүү керектигин айтып, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерине жана райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарларына дагы каттуу тапшырма берди.
Валюта курсу
Аба ырайы