• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Ошибка

Unable to connect to NBKR server.
441 Категория: Экономика - Published: 08/08 - 12:42

БИШКЕК, 8-август. — Eurasia Today. Түркия металлды Россияга жеткирүү жана андан алуу боюнча эң ири “хаб” боло алат.

Бул тууралуу Стамбулдагы кара жана түстүү металлдарды экспорттоочулар ассоциациясынын (IDDMIB) башкармалыгынын төрагасы Четин Текделиоглу билдиргенин орус басылмалары жазышты.

Жеткирүү санкцияларды айланып өтүү менен ишке ашмакчы.

Эске салсак, 15-марттан тарта Евробиримдик Россиядан темир, болот жана чоюндан жасалган ар кандай продукцияны импорттоого тыюу салган.

Текделиоглунун айтымына караганда, Түркия РФнын металл буюмдарын Европа Биримдигине экспорттоого жана тескерисинче бул өлкөгө Европадан, Биринчи кезекте Франция, Германия жана Италиядан металл буюмдарын жеткирүүгө даяр.

Белгилей кетсек, Түркия бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири металл иштетүүчүлөрдүн бири. Ал өзү дээрлик металл рудаларын казбайт, бирок чет элден алынган металлдарды активдүү түрдө кайра иштетип келет.

Алюминийди кайра иштетүү боюнча (анын ичинде колдонулган тиричилик техникалары) Түркия дүйнөдө бешинчи орунда турат. Ал эми болот эритүүчү мештердин кубаттуулугу боюнча Европада биринчи, дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
81.57
0.00
EUR
79.55
0.00
KZT
0.17
0.00
RUB
1.36
0.00
TJS
7.92
0.00
TMT
23.16
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+10°C Москва
+14°C Астана
+16°C Бишкек
+13°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети