• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
711 Категория: Экономика - Published: 30/06 - 09:58

БИШКЕК, 30-июнь. — Eurasia Today. Кыргызстандын бюджети  2023-жылы 500 миллиардга, 2024-жылы 600 миллиард сомго жетет.

Бул тууралуу кечээ, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

“Тышкы карызды төлөөнүн эң чоң көрсөткүчү 2023-жылга туура келет. Ошондуктан биз бюджетке акча түшүрүүнүн жогорку темпин сактап, 2023-жылы бюджетти 500 млрд. сомго, ал эми 2026-жылы 600 млрд. сомго жеткиребиз деп турабыз”, - деди Жапаров.

Ал өкмөт дагы эле кризиске чейинки экономиканы калыбына келтире албай жатышканын, 2021-жылы жай мезгилиндеги кургакчылыктан, суугат суу маселесинен улам түшүм аз болуп, анын кесепетинен азык-түлүк кымбаттаганын билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда кризистен кийинки калыбына келтирүү иштер жүрүп жатат.

Ошондой эле, ал өкмөт экономиканын ар кандай секторлорунда бир катар реформаларды иштеп чыгуунун натыйжасында ийгиликтерге жетише алганын баса белгилеп өттү.

"Биз ишти убагында уюштуруп, импорттук товарлардын тартыштыгын, азык-түлүк, дары-дармектердин бааларынын кескин өсүшүнө байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыра алдык", – деди ал.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети