• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
598 Категория: Экономика - Published: 29/06 - 15:31

БИШКЕК, 29-июнь. — Eurasia Today. Япония өкмөтү «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча 1 млрд йен өлчөмүндө грант берет.

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезексиз жыйынында «2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган  Министрлер Кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана  Министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамынын долбоору үч окууда каралып, жактырылды.Бул тууралуу Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган  транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев белгилегендей, бул долбоордун максаты - табигый кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу жана кар күрткү, муз сыяктуу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, ошондой эле жол тармагын сактоо болуп саналат.

«Гранттык макулдашуунун шарттарына ылайык, Япония өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алмашуу ноталарынын алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык бир миллиард отуз үч миллион жапон йени (¥ 1 033 000 000) өлчөмүндө грант берет», - деди Т.Тиллаев.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+29°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети