• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
637 Категория: Экономика - Published: 24/06 - 10:35

БИШКЕК, 24-июнь. — Eurasia Today. Жалал-Абаддын Тоо-Кызыл-Суу айылына чакан ГЭС курулат.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Энерджи” компанияснын өкүлдөрүн кабыл алып, шаарга караган Тоо-Кызыл-Суу айылындагы Ничке-Сайга курула турган чакан ГЭСтин долбоору менен таанышты.

Чакан ГЭСти куруу үчүн аталган компанияга жергиликтүү бийлик тарабынан 1,5 гектар жер аянты 49 жылга ижарага берилди.

Келишимге ылайык, аталган компания чакан ГЭСти 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүшү керек. Курулуш аягына чыккандан тартып компания жергиликтүү бюджетке ай сайын 11 миң 200 сомдон ижара акы жана жыл сайын социалдык пакет катары 800 миң сом акча каражатын төлөйт.

Мындан сырткары, жергиликтүү жашоочулардын ГЭСте иштөөсүн камсыз кылат. Ничке-Сайга курулуучу чакан ГЭСтен жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Ал жерде 10дой адам туруктуу жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, “Энерджи” компаниясы Кыргызстанда 17 чакан ГЭС курууга ниеттенүүдө. Алардын 4ү Жалал-Абад облусунун аймагына курулат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети