• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
323 Категория: Экономика - Published: 21/05 - 10:43

БИШКЕК, 21-май. — Eurasia Today. Түштүк Кореянын "Starkoff" компаниясы Кыргызстанга кубаттоочу түзүлүштөрдү жеңилдетилген шарттар менен берүүгө даяр.

Бул тууралуу  “Кыргызиндустрия” ААКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган коомдун  президенти Жарасул Абдураимов Түштүк Кореянын «Starkoff» компаниясынын өкүлү Хуни Ли мырза менен жолукту.

Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгүн талкуулашты.

Ж. Абдураимов “Кыргызиндустрия” ААКнын ишмердигине токтолуп, алдыда Кыргызстандын аймагында электромобилдерди жасоо өндүрүшүн баштоону жана аларды кубаттоочу станцияларды курууну сунуш кылды. Ошондой эле Кореянын автомобилдеринин популярдуу бренддерин 20 000ге чейин расмий жасоо же куроо жөнүндө сунуш киргизди.

Хуни Ли мырза электромобилдерди үй шартында кубаттоо боюнча чечимдерди иштеп чыгарып жаткан “Starkoff” компаниясы кубаттоочу кабелдерди жана түзүлүштөрдү чыгара тургандыгын жана анда электромобилди жасалма интеллекттин негизинде таанып-билүү, LPWAN-IOT байланышынын негизинде аралыктан башкаруу жана электрдик коопсуздук функциялары тууралуу жана мындай жагдайда электромобилди оңой кубаттоого мүмкүндүк болорун айтып берди.

Хуни Ли мырза «Starkoff» компаниясынын кубаттоочу станциялары бир жерге туруктуу орнотулаарын, оператордун атайын кабелин алуу зарылдыгы жок экенин, бардык өндүрүүчүлөрдүн стандарттуу 220 В заряддык кабелдери менен иштей турганын айтты. 4-5 саат заряддаганда 100 км жүрүүгө болот (заряддык кабелге жараша 3,5 кВт чейин кубаттуулукта иштейт). Смартфондорду заряддоо ыкмасы сыяктуу эле, үйдө же офисте болгону узак убакытка ылайыкталган.

  

Мындан тышкары, аталган компаниянын өкүлү Хуни Ли мырза розеткадан коопсуз заряддаса болоорун сунуштады. Анткени температура ысып кетсе же катуу чыңалуу пайда болсо ал өзү автоматтык түрдө өчүп калат.

Бул станциялар жасалма интеллекттин негизинде таанып-билүүчү технологиянын жардамы менен электр энергияны уруксатсыз пайдаланууну жана коопсуздукту да көзөмөлдөйт.

Хуни Ли мырзанын айтымында, Корея Республикасы заряддоочу станцияларды чыгаруу боюнча лидер болуп эсептелет жана бул багытта дүйнөлүк рыноктун 70%ын ушул компания жабдыйт. Компания эки багытта өнүгүп бара жатканын байкоого болот: суутек менен жүрүүчү электромобилдер үчүн заряддоочу станциялары жана батарея менен кыймылга келүүчү электромобилдер үчүн заряддоочу станциялары.

Аталган компания 200 заряддоочу түзүлүштү жеңилдетилген шарттар менен берүүгө даяр экенин Хуни Ли мырза билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар алдыда келечектүү, натыйжалуу кызматташууга үмүттөнөөрүн билдиришти.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети