• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
314 Категория: Экономика - Published: 20/05 - 17:39

БИШКЕК, 20-май. — Eurasia Today.   Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов индиялык  инвестор Исхан Шарма менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан ары өз ара тыгыз кызматташуу, Ош облусунун аймагына гигиеналык каражаттарды куруучу ишкана куруу, ошондой эле туризм тармагындагы курулуштарды дагы тикелөө жаатында кеңири сөз болду. 

Жамалдинов облус аймагында аталган долбоорлорду жүзөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар экендигин ачыктап, завод жана беш жылдыздуу мейманканага ылайыктуу жер бар экендигин дагы кошумчалады.

Буга улай облус бийлиги инвесторлор үчүн заманбап зарыл шарттарды жаратуу жана дайыма колдоого даяр экендигин убада кылды.  

Ачык-айкын сүйлөшүүдөн кийин индиялык  инвестор Исхан Исхан Шарма Ош облусунун аймагындагы гигиеналык каражаттарды чыгаруучу завод жана 5 жылдыздуу мейманкана курууга мүмкүнчүлүк бар жер аянттары менен дагы кеңири таанышты.

Маалымат иретинде: Исхан Шарма - Гонконгдо, АКШ жана башка өлкөлөрдө жайгашкан Исхан компаниялар тобунун башкы директору Ракеш Кумар Шарманын уулу. Компания гигиеналык буюмдар, токулган эмес материалдар, кыймылсыз мүлк, билим берүү тармактары менен алектенет жана 360 миллион доллардын дүң жүгүртүүсү бар.

Кыргызстандын Индиядагы Элчилигинин маалыматына караганда, Исхан Групп жакынкы төрт-беш жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасына 200 миллион АКШ долларын инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети