БИШКЕК, 20-май. — Eurasia Today. Кыргызстанда доллардын баасы дагы түштү.
Бүгүн, 20-майда, эртең менен саат 08:30дарга карата Кыргызстандагы банктарда долларды сатып алуу 81-81,6 сомго жана сатуу 82-82,6 сомго бааланган.
Түштөн кийин саат 16:43гө карата банктарда доллар менен рублдун баасында өзгөрүү бар. Доллардын сатып алуудагы баасы 79-80,6 сом болсо, сатуудагы баасы — 80-81,6 сом. Рублдун баасы: сатып алууда — 1,02-1,2 сом, сатууда — 1,16-1,35 сом.
Эске салсак, кечээ, доллардын куну түшүп жатканына байланыштуу Улуттук банк валюта рыногунан 6 миллион доллар сатып алганы маалымдалган.
Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери сегизинчи жолу интервенция жасады. Жалпысынан 217 миллион 650 миң доллар саткан жана дагы үч жолу интервенция жасап, 25,9 миллион доллар сатып алган.
Валюта курсу
Аба ырайы