• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
232 Категория: Экономика - Published: 20/05 - 15:44

БИШКЕК, 20-май. — Eurasia Today. «Элдик» депутаттык тобу эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жаатындагы кырдаал тууралуу тиешелүү жетекчилерден маалымат алышты.

Бүгүн, 20-майда «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана ак ниетсиз иш берүүчүлөрдүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жоюу маселесин карашты. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Маалыматты Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева беришти.

Н.Абдиев КР ИИМдин Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигиндеги өкүлчүлүгүнүн 2022-жылдын I кварталында аткарылган иштер боюнча айтып берди. Анын айтымында, өкүлчүлүк тарабынан жарандарга 3161 консультация берилип, 28 жолугушуу жана 3 профилактикалык иш-чара өткөрүлгөн, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү максатында Россиянын ички иштер органдарына 34 жолу барышкан. «Ички иштер министрлигинин Казакстандагы өкүлчүлүгү тарабынан 323 консультация жүргүзүлүп, 25 жаранга юридикалык жардам көрсөтүлдү, анын ичинде январь окуясында дайынсыз жоголгон 18 жаран табылды», - деди Н.Абдиев.

Талкуунун учурунда депутаттар мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү, алардын чет мамлекеттерде жүрүүсүнө укуктук шарттарды жеңилдетүү, ошондой эле акысыз юридикалык кеңештерди берүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтышты. Өзгөчө көңүл мыйзамсыз миграция коркунучун азайтуу жана кыргызстандыктарды мажбурлап эксплуатациялоо тармагына тартуу көйгөйлөрүнө бурулду.

Алсак, депутат Нурланбек Азыгалиев Ж.Алыбаевадан жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча уюмдардын ишмердүүлүгүн уюштуруунун тартиби тууралуу сурады. Министрдин орун басары республикада 134 жеке агенттик иштеп жатканын билдирди. Жумушка орношуунун эң популярдуу багыттары болуп Орусия, Түркия, Дубай, Катар, Германия, Япония өлкөлөрү саналат. Эл өкулу аталган мекемелер менен эмгек келишимин түзгөн ар бир жарандын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. «Менин оюмча, мыйзамдуу миграцияны камсыз кылуу жана мигранттарыбыздын укуктарын жакшыраак коргоо үчүн эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди түзүү да зарыл», - деди Н.Азыгалиев.

Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев Кыргызстандан, өзгөчө чек арага жакын аймактардан калктын кетүүсү тууралу сөз кылып, бардык бийлик бутактарынын күч-аракетин бириктирип, инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү жана экономиканы жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезеинде, депутат Нурлан Ражабалиев 2019-жылдын апрелинде болгон чек ара жаңжалына байланыштуу Тажикстандын укук коргоо органдары Кыргызстандын жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартып жатканына көңүл бурду. «Бул иш боюнча 17 адам тизмеде болсо, алардын 3ү ошол учурда Москвада болгон. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, мындай 10го жакын кылмыш иштери бар, жалпысынан 150гө жакын адам тизмеге кирген, анын ичинде айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү активисттер, кадыр-барктуу адамдар бар. Алардын катышканы же катышпаганы белгисиз, бирок кылмыш иштери козголуп, бул биздин жарандарга, анын ичинде Орусияда иштеп жүргөндөргө да бир топ көйгөйлөрдү жаратууда, анткени биздин жарандар тууралуу маалымат Россия Федерациясынын укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн», - деди Н.Ражабалиев. Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров бул маселе дипломатиялык каналдар аркылуу иштелип, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр даярдалып жатканын түшүндүрдү.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков мамлекеттик башкаруу системасындагы квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги боюнча маселеге токтолуп, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен чет өлкөдө бекер билим алуу үчүн мыкты студенттердин арасынан 50 талапкерди калыс сунуштоо зарылдыгын белгиледи. Жана алдыңкы чет элдик университеттердин бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстанга кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керектигин кошумчалады.

Депутат Мирлан Самойкожо белгилегендей, мамлекеттик институттар миграциялык саясатка болгон мамилесин кайра карап чыгуу керек. «Мигранттардын саны боюнча ишенимдүү статистиканын жоктугу тынчсыздандырат. Мамлекет ким каякка кеткенин, динамика кандай экенин так билиши керек», - деген М.Самыйкожо, миграциянын себептерин жоюу мамлекеттик саясаттын приоритети болушу керектигин белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү берилген маалыматты эске алышты.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+39°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+42°C Дүйшөмбү
+41°C Ашхабад
+37°C Ташкент

Соцсети