337 Категория: Экономика - Published: 20/01 - 13:51

БИШКЕК, 20-январь. — Eurasia Today. Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттайт.

Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдиргенин маалымат каражаттары жазышты.

Анын айтымына караганда, бензин дагы 4 сомго, ал эми дизель майы 6 сомго кымбаттайт.

Буга 2022-жылдын январь айында орусиялык заводдор күйүүчү-майлоочу майлардын баасын кымбаттатып жибергени себеп болууда. Маалыматка караганда, бир тонна бензиндин баасы 110 долларга, дизель майынын тоннасы 130 долларга кымбаттаган.

Теги: