• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
232 Категория: Экономика - Published: 25/10 - 08:53

БИШКЕК, 25-октябрь. — Eurasia Today. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Дордой базарындагы ишкерлер менен жолугушуу учурунда айтылды.

Депутат Мейкинбек Абдалиев өзүнүн дарегине  Бажы бекеттериндеги көйгөйлөрдөн улам Кыргызстандагы ишкерлерге кыйынчылык жаралганы тууралуу бир канча арыз каттар түшкөнүн,  ошондон улам көйгөйдүн түйүнүн билүү үчүн атайын келгенин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга келгендер эл өкүлүнө ыраазычылык билдирип, Кытай - Кыргызстан чек ара бекеттери жабык болгондуктан товарларды ташып келүүдө кыйынчылык жаралганын белгилешти.

Дордой ассоциациясына караштуу Профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөлөталива: " Торугарт, Эркештам чек аралары жабык болгондуктан, соодагерлер товарларын Казакстан аркылуу ташып келүүгө аргасыз болушууда. Бирок казак Бажычылары түрдүү себеп менен Кыргызстандык ишкерлердин товарларын айдап-жылдап кармап жатат. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрине кат менен кайрылганбыз. Жооп жок болуп, натыйжада ишкерлер чыгымга учурап жатат. Мисалы: Тигүүчү цехтерге кездемелер  жетишпейт. Мадина базарына келген кездемелер Өзбекстанга кантрабанда жолу менен кетип жатат"-деди.

Ал эми жеке ишкер Мырзабек Асанов 50 миң долларлык товарларын Казакстандын Бажычылары кармап турганын айтты.

Жыйынга катышкан Кыргызстандын Бажы кызматынын кызматкери Пак Евгений: "Биз Казакстандык кесиптештерге кайрылдык. Алар Бажы мыйзамдары бузулгандыктан 80 контейнерге кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү иштери жүрүп жатат"- деди. Ал эми Бажы кызматынын дагы бир кызматкери Эркинбек Иманалиев көйгөйдүн баары ташылып келип жаткан товарлардын документтери Бажы мыйзамдарына туура келбей жаткандыгы менен байланыштырды.

Талкууда жеке ишкерлер менен Эл аралык жүк ташуучу компаниялардын ортосунда келишимдердин жоктугу да көйгөй алып келип жатканы белгилүү болду.

Өз кезегинде депутат Мейкинбек Абдалиев " Эл аралык транзиттик компаниялар ташып келе жаткан товарларга кепилдик алыш керек. Эгерде жүк өз мөөнөтүндө дарегине жетпесе жүктүн ээсине компенсация төлөп берүү милдети коюлушу керек"- деди. Ошондой эле депутат бул отурум мындан ары кеңири масштабда уланып, ага укук коргоо органдарынан, Юстиция министрлигинен өкүлдөр чакырылып, көйгөйдү чечүүнүн жолун дыккат иликтеп, ишкерлерге жардам берүүнү убада кылды.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
95.35
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.22
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+12°C Тегеран
-1°C Москва
-12°C Нур-Султан
 0°C Бишкек
-1°C Алматы
+12°C Дүйшөмбү
+16°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети