• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
281 Категория: Экономика - Published: 23/10 - 15:12

БИШКЕК, 23-октябрь. — Eurasia Today. Иран Ислам Республикасы Кыргызстан менен кызматташууга, анын ичинде банк ачууга кызыкдар, бирок ага эл аралык санкциялар мүмкүнчүлүк бербейт.

Бул тууралуу 23-октябрда КРнын Президенти Садыр Жапаровдун массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Ирандын “Fars News” агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн журналисти Азиз Примкуловдун мамлекет башчысына: “Урматтуу президент мырза, Иран Ислам Республикасы Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууга даяр, бирок мындай кадамдарга эки өлкөнүн ортосунда банктын жоктугу тоскоолдуктарды жаратууда. Иран көп жылдардан бери Кыргызстанга өз банкын ача албай келет”,- деген суроосуна С. Жапаров “Биз баардык мамлекеттер менен кызматташууга даярбыз, анын ичинен Иран менен да”,- деп жооп берип, андан ары бул суроого толук жооп берүү үчүн КРнын финансы министрине сөз бергенде, ал мындай жооп кайтарды: “Бизде Иран Ислам Республикасы менен банк ачууга эч кандай тоскоолдуктар жок, бирок Иран эл аралык санкцияда болгондуктан, алардын талабы боюнча банк ачууга мүмкүн эмес”,- деген жооп кайтарды.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
95.35
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.22
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

Соцсети