• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
125 Категория: Экономика - Published: 23/10 - 10:40

БИШКЕК, 23-октябрь. — Eurasia Today. Арзыбек Кожошев атамекендик бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев бизнес өкүлдөрү менен ишкерлер чөйрөсүн тынчсыздандырган актуалдуу маселелерди талкуулады.

Жолугушуу ачык диалог форматында өттү, анын жүрүшүндө жаңы салык саясатынын маселелери, ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын мамлекеттик кепилдигин камсыздоо, айыл чарбасын жана энергетикалык секторду өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы демилгелерди жана идеяларды жайылтуу, ошондой эле аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүү чараларын кабыл алуу зарылчылыгы белгиленди. 

Талкууда курулуш секторун жана камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү темасына өзгөчө басым жасалды.  

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө бизнес коомчулук менен бул сыяктуу аянтчада өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү тапшырды жана жолугушууларды кеминде кварталына бир жолу өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
95.35
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.22
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+12°C Тегеран
-1°C Москва
-12°C Нур-Султан
 0°C Бишкек
-1°C Алматы
+12°C Дүйшөмбү
+16°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети