• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
465 Категория: Экономика - Published: 18/10 - 16:02

БИШКЕК, 18-октябрь. — Eurasia Today. Финляндиянын тез тамактануу түйүнү “Hesburger” реторандары тамак-ашка колдонулган май калдыктарын кайра иштетүүгө берет.

Аталган тез татым түйүндөрү дизелдик отун алуу үчүн колдонулган май калдыктарын “Neste” команиясына тапшырып турат. Бүгүн, дүйшөмбү күнү бул боюнча тиешелүү келишим түзүлгөнүн чет элдик маалымат агенттиктери кабарлашты.

“Кайра иштетилүүчү дизель майын өндүрүүчү “Neste”жана “Hesburger” компаниялары экономика тармагында активдүү кызматташат. Финляндиядагы жана Балтика өлкөлөрүндөгү 300дөн ашык “Hesburger” ресторандарындагы май калдыктары кайра иштетилүүчү дизель майын өндүрүү үчүн кайра иштетилет", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, аталган өлкөдө тез тамактануу тармагы транспорттук парник газдарынын эмиссиясын 90%га азайта алмакчы.

“Neste”компаниясынын өкүлү Хэйди Пелтонен билдирүү жасап, анда "Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү конкреттүү иш-аракеттерди жана компаниялардын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты талап кылат. Hesburger менен болгон бул кызматташуу өз ара аракеттенүү туруктуулукту кантип жакшырта аларына айкын мисал боло алат. Ошол эле учурда биздин климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракеттерибиз Hesburger ресторандарынын кардарлары үчүн баалуулукту жаратат”, - деди.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.95
+0.00
EUR
89.72
+0.32
KZT
0.18
0.00
RUB
1.35
+0.12
TJS
8.27
0.00
TMT
24.13
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-7°C Москва
-20°C Астана
-15°C Бишкек
-14°C Алматы
+2°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
-8°C Ташкент

Соцсети