• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
173 Категория: Экономика - Published: 29/09 - 14:04

БИШКЕК, 28-сентябрь. — Eurasia Today. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолукту.

Анда эки тараптуу кызматташууну жогорулатуу, соода-экономикалык, социалдык, гуманитардык жана маданият тармагында иштерди биргеликте аткаруу боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэриясы жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгилеп, коммуналдык кызматтарды атайын жабдуулар менен камсыз кылуу багытында долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтты.

Элчи Андрей Страчко Беларусия Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилелерди активдүү өнүктүрүп жаткандыгын баса белгиледи, анын ичинде дыйкандардын, коммуналдык кызматтардын жана ишканалардын муктаждыктары үчүн ири ишканаларга атайын жабдууларды жеткирүү иштери аткарылганын билдирди.

Жолугушууда тараптар биргелешкен бизнес-форум өткөрүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Беларусиянын ишкердик чөйрөсүнүн катышуусунда көргөзмөлөрдү өткөрүү, республиканын чоң шаарлары менен боордоштук мамилелерди түзүү, гибриддик троллейбустарды жана атайын жабдууларды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети