• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
60 Категория: Экономика - Published: 18/09 - 10:45

БИШКЕК, 18-сентябрь. — Eurasia Today. Лондондогу Баалуу металдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын Алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтотконун жарыялады.

Мындай билдирүү аталган ассоциациянын расмий сайтына жарыяланганын Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу "заводдогу алдамчылыкка шектенүүлөрдөн" улам текшерүү баштаган. Анын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы "Good delivery" статусу токтотулган.

Ассоциация мындан башка кеңири маалымат берген жок.

Быйыл августта World Street Journal басылмасы кыргыз өкмөтү Кумтөргө сырткы башкаруу киргизген соң шектүү операциялар болгону байкалганын, ошонун негизинде текшерилип жатканын жазып чыккан эле.

Бул аккредитациянын токтотулушу "Кыргызалтын" ишканасына таандык Карабалтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү "Good delivery" макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Кыргызстандын алтынды экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.

Буга чейинки жылдары Кыргызстан алтындын көбүн Улуу Британияга, андан тышкары, Италия, Орусия, Түркияга экспорттоп келген.

Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Ошондой эле “Центерра” июнь айында LBMA уюмунун текшерүү баштаганын кубаттаган.

Кыргыз өкмөтү Баалуу металдар базарларынын Лондон ассоциациясынын соңку чечими боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстан былтыр 7 айда 11,7 тонна, быйыл ушул эле мезгил аралыгында 4,1 тонна алтын экспорттоду. Башкача айтканда, былтыр 7 айда 623 млн долларга, быйыл 235 млн долларга алтын сатылган.

Тышкы башкаруу киргенден кийин, өкмөт дайындаган "Кумтөрдүн" тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, эми алтын сыртка чыгарылбай, Кумтөрдүн продукциясын толугу менен Улуттук банк гана сатып алып турарын айткан. Бирок бүгүнкү күндө Кумтөрдүн алтыны кайда, канча көлөмдө сатылып жатканы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Кыргызстан Кумтөргө тышкы башкаруу киргизген менен катар эле мурдагы келишимдердин мыйзамдулугу, Кумтөр долбоорунун аткарылышы боюнча буга чейинки иштерди текшерүүнү баштаган.

Кумтөр иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 17-сентябрдагы акыркы маалыматында "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча жүрүп жаткан тергөөдө канадалык "Центерра" компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана "Кумтөр" кенин иштеткен "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери коррупцияга тиешеси бар экени аныкталганын маалымдады. Алар 2013-жылдын декабрында 200 миллион долларды чет элдик компаниянын эсебине мыйзамсыз которгону боюнча далилдер алынган.

Бул фактылар боюнча "Центерранын" мурдагы жетекчиси Ян Аткинсон, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын президенти Майкл Фишер, башкармалык кеңешинин төрагасы Андрей Сазанов, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын вице-президенти Жон Сьютерге сыртынан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды.

Кумтөр - Кыргызстандагы ИДӨнүн 10%, өнөр жайдын көлөмүнүн 20% жапкан ири алтын кени. Кыргыз өкмөтү быйыл май айында кенди башкаруу укугун чектеп койгон канадалык "Центерра Голд" компаниясында Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

https://www.azattyk.org/a/31466230.html

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
+0.01
EUR
98.78
+0.08
KZT
0.20
+0.40
RUB
1.21
+1.04
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+17°C Тегеран
+6°C Москва
+3°C Нур-Султан
+16°C Бишкек
+14°C Алматы
+20°C Дүйшөмбү
+14°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети