• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
26 Категория: Экономика - Published: 17/09 - 12:17

БИШКЕК, 17-сентябрь. — Eurasia Today. Үстүбүздөгү жылдын апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын жана селдин натыйжасында талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. 

Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар алкагында дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба обьектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине 2021-жылга каралган оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жыйынтыктоону камсыздоосу тапшырылды.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
+0.01
EUR
98.78
+0.08
KZT
0.20
+0.40
RUB
1.21
+1.04
TJS
7.51
+0.01
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+17°C Тегеран
+6°C Москва
+3°C Нур-Султан
+16°C Бишкек
+14°C Алматы
+20°C Дүйшөмбү
+14°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети