• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
29 Категория: Экономика - Published: 21/07 - 10:22

БИШКЕК, 21-июль. — Eurasia Today. Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, айыл чарба малдарын багуучу чарба жүргүзүүчү субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында импорттолгон бир катар тоют азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулду.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Атап айтканда, салык алынуучу жеткирүүлөр жана салык алынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы 2021-жылдын 15-июлунан 31-декабрына чейин: тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранул түрүндөгү саман жана дан өсүмдүктөрү, брюква, жалбырактуу кызылча (мангольд), тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак жана ушул сыяктуу гранулдашкан же гранулдашпаган тоют азыктары, жүгөрү, арпа, сулу үчүн белгиленген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан 31-августка чейин ушул сыяктуу салык жеңилдиги кумшекерге, өсүмдүк майына, ал эми 1-июлдан 31-декабрга чейин айыл чарбадагы малдарга, анын ичинде жылкы, ири мүйүздүү мал, чочко, кой-эчки жана канаттуулар үчүн киргизилген.

КНСтин алынып салынышы бодо малды ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтөт, ошондой эле жер аянтын кеңейтүүгө, бордоп семиртүүчү жайлардын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө, этти кайра иштетүү тармагы үчүн тоют жана чийки зат менен камсыз кылуу боюнча тапшырыктарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети