• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
563 Категория: Экономика - Published: 20/07 - 20:46

БИШКЕК, 19-июль. — Eurasia Today. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 570 кубометрден ашты.

Бул тууралуу  "Электр станциялары" ААКнын маалымат сайты кабарлады.

Бүгүн, 20-июлга карата суу актагычта 11 миллиард 570,5 миллион кубометр суу бар экени жана секундасына 701 кубометр агып кирсе, кайра 445 кубометри иштетилип жатканы айтылды.

Эскерте кетсек, Мындан 3 ай мурун Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү өтө түшүп, 8,6 миллирдды көрсөтүп калган. Адистер мындай кескин төмөндөөгө суунун аз кирип жатканы себеп болгонун айтышкан.

Май айынын аягында суу сактагычта суунун көлөмү 10 миллиард кубометрден ашкан. Ошондон бери суунун көлөмү улам көтөрүлүп отуруп, бүгүнкү күндө 11,5 миллиард кубометрден ашты.

Белгилей кетсек, суу сактагычта эң көп дегенде 19,5 миллиард кубометр, ал эми эң аз дегенде 5,5 миллиард суу болушу керек. Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. 46 жылдан бери иштеп келе жаткан бул ГЭС өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгат. 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети