• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
51 Категория: Экономика - Published: 12/07 - 15:58

БИШКЕК, 12-июль. — Eurasia Today. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүгө 30-35 гана автоунаа өткөрүлүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 12-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтып, себебин мындайча түшүндүрдү:

“Кытай менен сүйлөшүүдө алар Кыргызстанда калктын 70% эмделиши (ред: коронавируска каршы) керек деген маселени коюп атышат”.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза Кытайдан вакцина келерин кабарлады.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңге чукул киши өттү. (BTo)

https://www.azattyk.org/a/31354130.html

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети