• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
218 Категория: Экономика - Published: 09/07 - 11:08

БИШКЕК, 9-июль. — Eurasia Today. Ош шаарында машина куруучу заводдордун биринде жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруучу линия ишке киргизилди.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов заводго барып, жумуш менен таанышып, жумушчулар менен пикир алышты.
Жакын арада заводдо электромобилдерди чогултуп баштоо пландалууда. Унаа заводу бюджетти толтуруу үчүн гана эмес, жумуш орундарын түзүү максатында да ачылган.
Маалыматка ылайык, ишканада Россия жана Түркиядан келген адистерди кошкондо 300дөн ашуун адам иштейт. Мэр жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлүп, иштөөгө шарт түзүлөрүн билдирди.
"2018-2020-жылдар аралыгында заводдо курулуш жана эксплуатациялоо иштери жүрүп, биринчи продукциялар - электр генераторлорун жана электр панелдерин чыгара баштаган. Мындан тышкары, лифттерди, чакан ГЭСтер үчүн турбиналарды, энергияны үнөмдөөчү электр эсептегичтерди өндүрүү процесстери орнотулган. Жакын арада электромобилдер, анын ичинде тез жардам унаалары чыгарыла баштайт ", - деп билдирди мэрия.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети