• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
51 Категория: Экономика - Published: 21/04 - 16:25

Ушул жылдын 20-апрелинде Кыргызстан менен Индиянын аялдарынын Эл аралык бизнес форуму виртуалдык форматта өттү.

Анда Кыргызстандын Индиядагы Элчилигинин жана Индиянын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын (FICCI) демилгеси менен аялдардын өз ара ишмердүүлүгүн арттыруу каралды. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги  КР ТИМ маалымат кызматына шилтеме берип  билдирет.

Маалыматка караганда, FICCI аялдар канатынын төрагасы Харжиндер Каур Талвар, Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Президенти З. Акбагышева жана “Курак” аялдар форумунун башкармасынын төрайымы А. Сагынбаева форумдун теңтөрагалары болуп дайындалышты.

Кыргыз тарап мындай туруктуу аялдар форумун түзүүнүн уникалдуулугун белгилөө менен, Кыргызстан менен Индияда кол өнөрчүлүк жана колдонмо искусство, айыл-чарба, туризм, IT, фармацевтика жана башка көптөгөн тармактарда өз ара кызматташууну кеңейтүү керектиги сөз болду.

Ошондой эле Ош жана Нарын шаарларынан катышкан ишкер аялдардын иштиктүү долбоорлору Индия тарабынын чоң кызыгуусун арттырды жана аларды ишке ашыруунун пландары жөнүндө кеңири айтылды.

Форумдун аягында мындан ары ишке ашыруу жана аялдар ишкердиги жаатындагы долбоорлорду кыргыз тарап менен кеңири талкуулоо үчүн индиялык тарап коронавирус пандемиясы боюнча кырдаал турукташкандан соң, Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө даяр экендигин билдирди.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети