• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
102 Категория: Экономика - Published: 19/04 - 12:05

Ирандын болот өндүрүшү жогорулады.

Дүйнөлүк болот ассоциациясы 2021-жылдын февраль айында Ирандын болот өндүрүшү 2020-жылдагыга салыштырмалуу 11,5 пайызга көбөйүп, 2,3 миллион тоннага жеткенин жарыялады. Бул тууралуу иран басылмалары жазып чыкканын "Eurasia Today" агенттиги кабарлайт.

Дүйнөлүк болот ассоциациясынын статистикасы боюнча, өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча 64 өлкө болот өндүргөн жана алардын арасында Иран Ислам Республикасы Азиянын Кытай, Япония, Түштүк Корея жана Индия сыяктуу өлкөлөрү менен бирге дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсүнүн катарына кирген.

Аталган уюмдун статистикасы көрсөткөндөй, Ирандын болот өндүрүшү буга чейин 2018-жылы болжол менен 17,8 пайызга өсүп, 25 миллион тоннага жеткен. Ирандын болот өндүрүшүнүн өсүшү көбүнчө 2017-жылдын акыркы айларында жана өткөн жылдын башында байкалган.

Брюсселдеги Дүйнөлүк болот ассоциациясынын маалыматы боюнча, өткөн жылы таза болот өндүрүү 1,808 миллион тоннаны түзүп, 2017-жылдагы өндүрүүнүн көлөмүнөн 4,6 пайызга көп болгон.

Маалыматка ылайык, Европа Биримдигинде болот өндүрүү төмөндөсө, Азия чөлкөмү болот өндүрүү боюнча дүйнөдө эң жогорку көрсөткүчкө ээ.
Дүйнөлүк болот ассоциациясынын соңку отчетуна ылайык, Индия өткөн жылы болот өндүрүшүн көбөйтүү менен Японияны артта калтырды жана дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунда турат.

Болот - катуу, бекем боз же көгүш боз түстөгү темир менен көмүртектин эритмеси. Болот өзгөчө касиетке ээ, дат баспайт, кислотага жана ысыкка чыдамдуу келет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети