• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
38 Категория: Экономика - Published: 19/04 - 09:26

Күн жылып, электр энергиясына болгон керектөөнүн азайышына байланыштуу Токтогул суу сактагычына суунун толо баштады.

Бишкек, 19/04.2021-жыл./”Евразия тудей/. 19-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. 624 млн. кубду түздү. Ал эми суунун агып кирүүсү секундуна 326 куб.метр, ал эми чыгымдалышы секундуна 189 куб. метр. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Белгилей кетүүчү жагдай, 6-апрелден тартып суунун деңгээли 8,5 млрд. куб. метр деңгээлинде сакталган. 17-апрелден тартып 8,6 млрд.ка көтөрүлдү. Бул өлкөбүздүн энергетика тармагынын жетекчилери тарабынан көрүлгөн чаралардын – электр энергиясын импорттоо, Бишкек ЖЭБин электр энергиясын иштеп чыгуусун камсыздоо”,- деп жазган маалымат катчы.

“Анткен менен жеке адамдар да электр энергиясын үнөмдүү пайдаланышын суранабыз. Себеби канткен менен өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу суунун корунун айырмачылыгы 2 млрд. 791 млн. кубометрди түзөт. Электр энергиясын үнөмдөгөндөрдүн баардыгына ыраазычылык”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, адистердин айтуусунда, өткөн жылы кышында кар аз жаагандыктан улам Токтогул суу сактагычына күз мезгилинде суу аз топтолгон. Кыргыз өкмөтү электр энергиясына болгон муктаждыкты кошуна мамлекеттерден бартерге же карызга алып толуктап келүүдө.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети