• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
22 Категория: Экономика - Published: 14/04 - 13:50

Кыргызстанда дыйканчылыктын алгачкы түшүмдөрү жыйыла баштады.

Бишкек, 14-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Мисалы, Ош облусундагы Араван районунда капуста менен сарымсак бышты. Дыйкандар кардарларга жеринде эле дүңүнөн соодалап жатышат. Эрте бышкан капустанын бонсай түрү өлкөнүн ички базарларына эле эмес, Казакстан менен Орусиягада  экспортко чыгууда.

Быйыл Араванда 3 миң гектарга жакын жерге жашылчанын түрү айдалган. Аба-ырайынын суук болгонуна байланыштуу айрым жемиштердин өсүүсү бир аз кечеңдеген. Күн жылып кетсе, түшүмдүүлүк жакшы болот дешет дыйкандар.

Ал эми бийлик, жер семирткич, жеңилдетилген насыя жана түшүмдү сыртка сатуу жагынан көмөктөшүп жатышканын билдиришет. Агрардык аймак аталган Ош облусунун Алай, Чон-Алай, Алайкуу аймагын эске албаганда, айдоо иштери аяктап калган.

Белгилей кетсек, Ош облусунда жалпы 173 миңден ашык гектар айдоо аянты болсо, анын 90 миң гектарга жакыны сугат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети