• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
101 Категория: Экономика - Published: 06/04 - 09:16

Ирандын тышкы иштер министри өлкөсү Өзбекстандын транзиттик жолун дүйнөлүк базарларга чыгара аларын билдирди.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык,  дүйшөмбү күнү Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушкандан кийин, жолугушуу тууралуу билдирүү жасады.
“Өзбекстандын тышкы иштер министри менен жолугушуу учурунда биз экономикалык, саясий, маданий алакалар, Иран менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоо, ошондой эле аймактык кызматташтык, айрыкча Ооганстандагы тынчтыкка байланыштуу маселелерди талкууладык”, - деди Мухаммад Зариф.
Ал эки өлкөнүн кызматташтыгынын кеңейишине үмүт артып, “Иран Ислам Республикасы Өзбекстандын дүйнөлүк базарларга жана ачык сууларга чыгуусун жеңилдете алат”, - деп билдирди.
Билдирүүсүнүн аягында эки өлкөнүн кызматташуусунун ар кандай багыттары бар экенин жана эки элдин узак тарыхы алардын  достугуну ого бетер кеңейтерин баса белгиледи.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+22°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети