59 Категория: Экономика - Published: 03/04 - 12:55

Ооганстандын ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салуу ниетин билдиришти.

Алар өлкөгө атайын дарылык касиети бар медициналык дары-дармекке колдонулуучу каражаттарды өндүрүүнү пландаштырып жатышат. Ооганстандын “Афган Самсур” компаниясынын директору Гулям Сарвар Кыргызстандын Ош жана Баткен облустарында инвестициялык шарттардагы бизнестин келечектүү багыттары менен таанышуу максатында Ош шаарына келди.

Ал Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгү жана Өкмөттүн Ош облусундагы атайын өкүлүнүн башчысынын орун басары менен жолугушуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүштү.

“Былтыр оогандык ишкерлер тобу таанышуу ирээтинде келип кеткенбиз. Кыргызстан бизге абдан жаккан. Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязовдун багыттоосу жана жардамы менен бул өлкөгө инвестиция салуу максатында экинчи ирээт келип отурабыз. Биздин компания дарылык касиети бар хенк өсүмдүгүн өстүрүп келет. Биз буга чейин бул багыттагы ишмердүүлүгүбүздү Иран, Ооганстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жүргүзүп келгенбиз. Бул долбоор ишке аша турган болсо, миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болот. Бизди кыргыз бийлиги өтө жылуу тосуп алышты жана мындан ары да кызматташабыз деп терең ишеним”,- деди Гулям Сарвар.

Белгилей кетсек, өткөн жылы оогандык ишкерлер тобу Кыргызстанга таанышуу ирээтинде келип кетишкен. Алар аламан оюндарына даярдалган кыргыз аттарын сатып алып кетишкен. Ал аттар быйылкы Нооруз майрамына карата уюштурулган республикалык деңгээлдеги Көк бөрү оюнунда Ооганстандын 17 командасынын арасынан биринчи орунду алышкан. Дээрлик кыргыз аттарынан турган жеңүүчү “Кандагар” командасын Ооган лидери Ашраф Гани өзү кабыл алып, кубок тапшырган.

Мындан улам Көк бөрү сүйүүчүлөр жакынкы арада ат оюндары боюнча тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстанга келүүнү да пландаштырып жатышат.

Теги: