22 Категория: Экономика - Published: 01/04 - 08:58

Зергерлердин көйгөйлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңүл борборунда.

Алтынга бай делген жергебизде мындай баалуу кен жылына 18-20 тоннага жакын казылып алынат. Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясынын  Тоо-кен өнөр жайы боюнча бөлүгүндө келтирилген баалоолорго ылайык, өлкөдөгү пайдалуу кендердин наркынын 87 %ын алтын, 10 %ын көмүр түзөт, ал эми калган үлүшү негизинен жез жана күмүш түрлөрүнө  туура келет.

Бирок ошого карабай зергерлер өз ишмердигинде колдонулган баалуу металлдарды сырттан импорттоп алып келип жатканы кызык? Бул суроонун айланасында жүргүзүлгөн анализдерге таянып даярдалган мыйзам долбоору тууралуу маалымат берип, ЖК депутаты Экмат Байбакпаев “Парламент” радиосуна маек куруп жаткан учурда айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2009- жылы сырттан алынып келинген алтын сыныктары (лом) 25 эле кг. түзгөн болсо,  ал эми 2018 – жылдагы көрсөткүч боюнча 1 тонна 366 кг жеткен. Бажы алымдарынан түшүүчү кирешелерди көбөйтөт, - деген шылтоо ушундай абалга алып келди. Анын ордуна ата мекендик баалуу металлдарды колдонгон учурда зергерчилик тармагы экономикабызга жакшы салымын кошмок, - деди Э.Байбакпаев.

Экономикалык мамилелердин бюджетке пайдалуу болгон моделин колдоп,  зергерчиликтеги өнүмдөрдү экспорттоого негизделген “Зергерчилик чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун Отун – энергетикалык комплекси жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитет биринчи окууда жактырды. Эми Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет карап чыгат, - деген депутат, - “Бул мыйзам боюнча Өкмөттүн терс кортутундусу кызык болуп турат”, - дейт.

“Ошондой эле долларды ар бир акча алмаштыруучу жайларда саткан сыяктуу эле, алтын дагы башка баалуу металлдарды да көрүнө жерде сатыкка чыгарса өндүрүштүн өнүгүшүнө эле өбөлгө болмок”, - деди Э.Байбакпаев.               

Ошол эле уктурууга катышкан КРнын зергерлер жана ишкерлер союзу бирикмесинин президенти Сталбек Акматов талкууланып жаткан мыйзам долбооруна 12 депутат демилгечи болуп маселенин маңызын түшүнүп жаткандыгына, Жогорку Кеңеш Төрагасынын алдындагы Ишкерлер кеңешинин колдоосуна ыраазычылык билдирип, документти даярдоодо бир катар мамлекеттердин мыйзам базалары менен таанышып чыккандыгын айтты.

Адистин маалымдашынча, ушундай эле мыйзам Арменияда иштеп, көмүскө экономика 10 – 20%, ал эми ачык бюджетке түшүп жаткан киреше 80%ды түзүп отургандыгынан деле үлгү ала турган көп нерселер бар. Эң башкысы кыргыз алтыны дүйнөлүк брендге айланып, өз таанымалдуулугун жогорулатышы зарыл.

“Бир катар чет мамлекеттерге барып эл аралык көргөзмөлөргө катышып жүрөбүз. Кыргыз зергерлеринин айрыкча улуттук үлгүдөгү зер буюм – тайым жасалгаларына болгон кызыгуулар күч. Мамлекеттик буюртмаларга мисалы, орден, медалдарды даярдоого деле жергиликтүү зергерлердин дарамети жетиштүү”, - деди Сталбек Акматов.

Теги: