• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
28 Категория: Экономика - Published: 03/03 - 15:29

Ирандын президенти Хасан Рухани өкмөттүн жыйынында адамдардын укуктарын ишке ашыруу өкмөттүн милдети экенин айтып, дүйнө менен соода жүргүзүү Иран элинин укугу деп жарыялады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. “Эгерде биз санкциялардын жоюлушун бир саатка кечиктирип, бүгүн жана эртең десек, анда биз адамдардын укугун бузган болобуз”, - деди Рухани. “Биз колдон келгендин баарын жасап жатабыз, бирок албетте, азыркы кырдаалда АКШнын жаңы администрациясынын Иранга болгон мамилеси бир аз өзгөрүп, айрым маселелерди жана мурунку өкмөттүн иши туура эмес болгонун мойнуна алды. Ал тургай практикалык кадам жасап, мурунку бийликтин Бириккен Улуттар Уюмуна жөнөткөн катын артка кайтарды. Бирок санкцияларды алып салуу жана адамдардын укуктарын ачык таануу жаатында биздин негизги маселе биз АКШ өкмөтү тарабынан жасалган олуттуу кадамды көрө элекпиз”, - деп баса белгиледи Ирандын президенти.

Буга чейин Рухани Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө өзөктүк келишимди сактап калуунун жана жандандыруунун бирден-бир жолу - АКШнын санкцияларын алып салуу болуп саналарын билдирген.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек

Соцсети