• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
285 Категория: Экономика - Published: 22/03 - 09:57

БИШКЕК, 22-март. — Eurasia Today. Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева баштаган депутаттардын тобу Ош шаарындагы «Кыргыз Текстиль» фабрикасынынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева баштаган депутаттар Шайлообек Атазов, Фарходбек Алимжанов, Тазабек Икрамов, Айгүл Айдарова, Миргүл Темирбаева, Аида Исатбек кызы, Эмилбек Жусупов, Айбек Осмонов, Жалолидин Нурбаев, Нилуфар Алимжанова, Винера Раимбачаева, Жылдыз Таалайбек кызы Ош шаарындагы «Кыргыз Текстиль» фабрикасынынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушууда маалым болгондой «Кыргыз Текстиль» ишканасы эл аралык сапат стандартынын талаптарына жооп берген заманбап жабдуулар менен жабдылган. 7000 жумушчу орундуу тигүү фабрика жылына 2 миллион даана продукция чыгарууга ылайыкталган. Жумушсуздукту жоюу жана өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүнү көздөгөн ата мекендик өндүрүш дүйнөлүк бренддер менен келишим түзүп, 600дөн ашык кыз-келиндерге жумуш орундары, жатакана жана тамак-ашы менен камсыздалган.

«Кыргыз Текстиль» фабрикасынын экспортоого чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Аны ар тараптан колдоого алынышы керектигин депутаттар менен бирге барган көчмө жыйындын катышуучулары да билдиришти.

Аталган фабриканын курулушу 2018-жылы башталган. Бүгүнкү күндө алгачкы этабы ишке кирип, жашап иштегенге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети