• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
139 Категория: Экономика - Published: 17/03 - 12:33

БИШКЕК, 17-март. — Eurasia Today. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тигүү тармагындагы ишкерлер менен 2023-жылдын 22-мартында жолугат.

Азыркы учурда тигүү тармагынын продукциясы ата-мекендик жана эл аралык рыноктордо алдыңкы орунду ээлөөдө жана бааланууда. Тигүү тармагындагы ишканалар учурда көпчүлүк калкты (өзгөчө региондордо) жумуш орундары менен камсыздап жана мамлекеттин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө көмөктөшүүдө. 

Ушул тармак приоритеттүү болуп эсептелгендиктен,  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинин астында, 2023-жылдын 22-мартында саат 16:00дө  Экономика жана коммерция министрлигинин кеңсесинде (Бишкек ш., Чүй проспекти, 106) өлкөдөгү тигүү тармагынын ишкерлери менен жолугат. 

Жолугушуунун максаты, тигүү тармагындагы ата-мекендик ишкерлерди колдоо жана бул тармакты өнүктүрүү. Ошондой эле, ишкерлер өздөрүнүн негизги көйгөлүү маселелерин билдирип, чечилбеген суроолорун мамлекеттик органдар менен талкуулоого мумкүнчүлүк жаралат. Өткөрүлгөн жыйындын натыйжасында  тигүү тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү боюнча практикалык чечимдер иштелип чыгат. 

Жолугушууга катышууга кызыккан тигүү тармагынын өкүлдөрү, төмөндөгү номер аркылуу байланышып, маалымат алышса болот. 

(Елдос Сагымбаев, 0555 262 929; 0312 62-05-35 кош. 276; 132)

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети