• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
269 Категория: Экономика - Published: 14/03 - 10:48

БИШКЕК, 14-март. — Eurasia Today. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен британиялык «MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments» компаниясынын ортосунда Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Электр энергетикасы жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча Меморандумга Кыргызстандын Энергетика министрлигинин атынан энергетика министри Таалайбек Ибраев, ал эми «MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments» компаниясынын директору Роберт Битхард кол койду.

Бул Меморандумдун максаты Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу болуп саналат.

Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу долбоору өзүнө 4 гидроэлектр станциясын (Акбулун, Нарын-1,2,3) камтыйт, алардын жалпы орнотулган кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн кВтс.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында калктын саны өскөн сайын электр энергиясын колдонгондордун саны күндөн-күнгө өсүп баратат. Буга байланыштуу Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюунун бир бөлүгү болуп саналат.

 “Күндөн-күнгө электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Биз энергетиктер калкка электр энергриясын үзгүлтүксүз беришибиз керек. Буга байланыштуу Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курсак,   Нарын жана Ысык-Көл зоналарында электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү, КР энергосистемасынын коопсуздугу боюнча талаптарды сактоо, региондордо электр энергиясына  болгон тартыштыкты азайтууга шарт түзүлөт деген ойдомун” – дейт Ибраев.

Меморандумдун алкагында тараптар алдыдагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашып,  Электр энергетикасы тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында бир катар маселерди талкуулашты.

Маалыматка ылайык, бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып 2023-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот. Эгерде тараптар Меморандумга ылайык милдеттерди аткарбаса, көрсөтүлгөн датада автоматтык түрдө күчүн токтотот.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети