• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
301 Категория: Экономика - Published: 09/12 - 17:35

БИШКЕК, 09-декабрь. — Eurasia Today. 9-декабрда Бишкекте  өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров уюм менен Иран Ислам Республикасы жана башка өлкөлөр менен эркин соода аймагын түзүүгө жол ачылгандыгын белгиледи.

"Бул жылы биз Евразиялык экономикалык биримдиктин эл аралык жолун жигердүү өнүктүрүүнү жана эзелки өнөктөштөрүбүз менен соода алакаларды кеңейтүүнү уланттык. 

Иран Ислам Республикасы менен эркин соода аймагын түзүүгө алпара турган Протокол күчүнө кирди. 

Индонезия Республикасы менен эркин соода аймагы тууралуу макулдашуу түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр  башталды. 

Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгеси колдоого алынды. 

Биздин Биримдиктин ишмердүүлүгүнө кызыгуунун географиясы кеңейип жатканы мени абдан кубандырат. Мен муну ЕАЭБди дүйнөлүк экономикалык түзүмдө динамикалуу өнүгүп жаткан уюм катары таануунун айкын көрсөткүчү катары баалайм. 

Каржы-экономикалык концентрациянын глобалдык уюлунун Азияга өтүү шартында биз дал ушул аймакка артыкчылыктуу көңүл бурууну улантышыбыз керек. 

Бүгүн 2023-жылга эл аралык ишмердүүлүктүн негизги багыттарын беките тургандыгыбыз кубандырат, анда келерки жылдагы Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен ишке ашуучу артыкчылыктары чагылдырылган",- деп айтты Кыргызстандын мамлекет башчысы.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын президенти Александар Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндар катышууда. Ал эми уюмга байкоочу өлкө болгон Өзбекстандан премьер-министр Абдулла Арипов келген.

  
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.49
USD
86.12
+0.04
EUR
93.96
+0.28
KZT
0.19
+0.05
RUB
1.24
-0.40
TJS
8.39
+0.24
TMT
24.59
+0.47
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

 0°C Тегеран
-8°C Москва
-15°C Астана
-16°C Бишкек
-16°C Алматы
-2°C Дүйшөмбү
-4°C Ашхабад
-8°C Ташкент

Соцсети