• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
552 Категория: Главные новости - Published: 13/05 - 20:19

БИШКЕК, 13-май. — Eurasia Today. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2022-2023 жылынын туристтик сезонунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министирлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, элчилер, депутаттар жана келген коноктор катышты. 

Аземде сөз сүйлөгөн Акылбек Жапаров быйыл саясий абалга байланыштуу туристтердин агымы көп болот деп күтүлүп жатканын белгиледи. "Толеранттуу болуп, ар бир туристти Кыргызстанга кайрадан келгидей кылалы", - деди Жапаров. 

Ошондой эле ал жаңы жарлыктардын алкагында, Кыргызстанда экология, креативдүү экономика жана инфраструктурага өзгөчө басым жасалаарын айта кетти. 

Жапаров сөзүнүн аягында "Таза суу, таза аба, таза адам" урааны менен жайкы туристтик сезонду ачык деп жарыялады. 

Ал эми сезонго даярдыктар тууралуу  Маданият министри Азамат Жаманкулов кененирээк маалымат берди. 

"Чек аралар ачылып, бардык маселелер, ПЦР-тест сыяктуу тоскоолдуктар жоюлду. 

Андан сырткары, мамлекеттик органдар туризмди өнүктүрүү үчүн чет өлкөлөрдө дагы ар кандай иш-чараларга, жарманкелерге катышып, алардын компаниялары менен бир нече келишим түзүп келишти. Ошондуктан, туристтердин көбөйүшүн күтүүдөбүз", - деди Жаманкулов. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында быйыл атайын фонд ачылган. Расмий маалымат боюнча анын капиталы 1 млрд сомду түзөт.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
84.21
+0.07
KZT
0.17
+1.04
RUB
1.45
-1.04
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+28°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+34°C Ашхабад
+33°C Ташкент

Соцсети