• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
61 Категория: Главные новости - Published: 21/07 - 10:32

БИШКЕК, 21-июль. – Eurasia Today. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Орусияга болгон расмий иш сапарында өлкөнүн президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Түштүк Кавказдагы кырдаалды талкуулады.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу 20-июлда Москвада өткөн.
Путиндин айтымында, Орусия менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык мамилелер пандемияга байланыштуу кризистен жигердүү түрдө калыбына келүүдө.
“Биздин мамилелер коронавирустан кийин калыбына келе баштады, айрыкча экономика жааты. 2020-жылы белгилүү бир төмөндөө байкалган, эми туруктуу өсүш, калыбына келүү байкалууда. Орусия ишенимдүү түрдө экономикалык чөйрөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт, өкмөттөр аралык комиссия жигердүү иштеп жатат », - деп Кремлдин басма сөз кызматы Путиндин сөзүн келтирди.
Орусиянын мамлекет башчысы ошондой эле Азербайжан менен 2022-жылга белгиленген дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын улуу майрам деп атады.
«Биз коронавируска каршы күрөшүүдө барган сайын жигердүү кызматташып жатабыз. Менин оюмча, буга чейин 100,000 жеткирилген (вакцинанын дозасы) далил боло алат”, - деп сөзүн улады Путин. Путиндин айтымында, эң маанилүү маселелердин бири - бул аймактагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси. Азербайжандын президенти Түштүк Кавказдагы кырдаалга дагы көңүл буруп, Баку расмий түрдө Карабак аймагындагы жаңжалдан кийинки абалды турукташтырууга чечкиндүү экенин баса белгиледи.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети