• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
999 Категория: Главные новости - Published: 16/07 - 16:29

БИШКЕК, 16-июль. — Eurasia Today.   Германиянын батышындагы суу ташкынынан улам каза болгондордун саны 93кө жетти, деп dpa агенттиги өкмөттүн болжолдоосуна таянуу менен билдирди.

Буга чейин Германиянын жалпыга маалымдоо каражаттары 81 адам каза болуп, 1300дөн  ашуун адам дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде 43 тургун каза болгон - буга чейин ал жерде 30 киши каза тапканы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, өлкөнүн батышында Эрфтштадт шаарынын районунда үйлөр кулап, курман болгондор болду.

Өлкөнүн канцлери Ангела Меркел трагедиянын акыркы масштабы жакынкы күндөрү белгилүү болорун билдирди. Ошондой эле, ал жакындарын жоготкондорго көңүл айтты.

Өлкөнүн вице-канцлери Олаф Шольц жаратылыш кырсыгын климаттын өзгөрүшү менен байланыштырды.

Бернд циклонунан улам дүйшөмбүдөн бери Германияда катуу жамгыр жаап жатат.

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам көбүнчө өлкөнүн батыш жана түштүк-батыш аймактары жабыркап, дарыялар, анын ичинде Рейн дарыясы жээктен ашып, көчөлөрдү суу каптап жатат.

Айрым калктуу конуштарга суу каптаган жолдордун жана талкаланган көпүрөлөрдүн айынан жетүүгө мүмкүн болбой жатат. Түндүк Рейн-Вестфалияда дамбанын жарылуу коркунучу бар болгондуктан улам беш районда эвакуация жүрүп жатат.

Рейн-Эрфт районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Суу ташкыны Германияда гана эмес, Бельгияда жана  Нидерландыда дагы болду.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети