• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1040 Категория: Главные новости - Published: 03/05 - 12:23

БИШКЕК, 3-май. — Eurasia Today.  АКШнын Сан-Франциско шаарында жашаган кыргызстандыктар Кыргызстанды жана Баткенди колдоп митингге чыгышты.

Алар Тажикстан Кыргызстандын аймагына чыккынчылык менен кол салып, эл аралык конвенцияларда тыюу салынган куралдарды колдонуп, карапайым адамдарды өлтүрүшкөнүн айтып, эл аралык коомчулукту четте турбоого чакырышты.

Мекендештер Эл аралык Кылмыш Соту жана Бириккен Улуттар Уюму буга көңүл бурушу керек экенин айтышты. Алар колдоруна чек арада өмүрү кыйылган 13 жашар  Мадинанын, 26 жаштагы Чыңгыз Темирбаевдин  жана 30 жаштагы Мырзабек Абдрахмановдун сүрөтүн, кыргыз желегин, “Баткен - биз сени менен!”, “Рахмон токто!” деген ураандар жазылган плакаттарды кармап чыгышты.

Акцияга чыккандардын бири Бекназар  Саяк Эл аралык сотторго жана уюмдарга кайрылып, Эмомали Рахмон деген террорчуну токтотпосоңор, эртеңки күнү мындан да жаман болорун, чоң согуш жана чоң апаат келерин эскертти.

Мекендештер “Рахмон соттосун!” деген ураандарды чакырышты. Алар кыргыз, англис, орус жана түрк тилдеринде Кыргызстанды жана Баткенди колдоолорун  билдиришип, тажик тараптын жай тургундарга ок атканын айыпташты.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталган. Ал күнү тараптар бирине таш ыргытышкан. 29-апрель күнү таңга маал ок атышуу учуру катталган. Жаңжалдын чыгышына Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгон. Окуяда кыргыз тараптан 183 киши жаракат алып, 36 киши каза тапты.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети