• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
147 Категория: Главные новости - Published: 01/05 - 16:37

БИШКЕК, 1-май. — Eurasia Today. Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт.

Белгилесек, аталган жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефондук сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети