• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
334 Категория: Главные новости - Published: 30/04 - 17:14

БИШКЕК, 30-апрель. — Eurasia Today.  Ирандын тышкы иштер министринин расмий өкүлү Саид Хатибзаде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасады.

Бул тууралуу Ирандын ТИМ башкармалыгы маалымдайт.

“Иран Ислам Республикасы Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү алга жылдырууга көмөктөшүүгө, ошондой эле бул жаатта укуктук жана техникалык жактан тажрыйба берүүгө даяр”, - деп билдирди Хатибзаде.

Ал өлкөсү дос жана боордош өлкө болгон Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы кандуу жаңжал тууралуу маалыматты тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи.

Ирандык дипломат ошондой эле эки өлкөнүн чек арасындагы жаңжалды токтотууга алып келген эки мамлекеттин лидерлери тарабынан көрүлгөн токтоосуз чараларды жогору баалап, эки тараптын мындан аркы сүйлөшүүлөрү чек арадагы ар кандай чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салат деген ишеничин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу тууралуу Европа биримдиги  билдирүү жасап, эки тараптын ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди жана чек ара маселесин саясий жөнгө салуу боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөрдү кубаттай тургандыгын билдирген.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети